Меню
Эл-Сөздүк

Оседлости ценз

ОТУРУКТАШУУ ЧЕНТАЛАБЫ – конституциялык укукта мыйзам тарабынан белгиленген шарт-талап, ага ылайык жигердүү же солгун шайлоо укугунун болуусу белгилүү бир жерде же өлкөдө туруктуу жашап туруу мөөнөтүнө байланыштуу аныкталат. Алып айтсак, КР конституциялык мыйзамдарына ылайык КР Президенти болуп анын талапкерлиги КР Президенттигине көрсөтүлгөнгө чейин өлкөдө 15 жылдан кем эмес жашап турган КР жараны шайлана алат, КР ЖКнын депутаттары үчүн 5 жылдык О. ч. белгиленген. Биркатар өлкөлөрдө өтө жогорку О. ч-н белгилөө демократияга каршы жана кемсинтүү мүнөзгө ээ.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: